Бугу 12, 2024
Убакыт: 06:52
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Будапешт шаарына барды (фото)

13.02.2023 08:05
178
Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Будапешт шаарына барды  (фото)

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-февралда расмий сапар менен Будапешт шаарына (Венгрия) барды.

Мамлекет башчысынын учагы Ференц Лист атындагы эл аралык аэропортко конду. Аэропортто килем төшөлүп, Ардак кароол тизилди. Президентти  Венгриянын Президенттик Администрациясынын башчысы Геркели Эклер тосуп алды.

Расмий сапардын алкагында Мамлекет башчысы Венгриянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт,  жана ошондой эле өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу жана башка расмий иш-чаралар пландалган.

Сапардын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн