Президент Садыр Жапаров сентябрь айында Тажикстанга барышы мүмкүн.
Коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, 14-15-сентябрь күндөрү Душанбеде Эмомали Рахмондун төрагалыгы астында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын 5-юбилейлик консультативдик жолугушуусу өтөт.
Саммиттин ишине Кыргызстандын, Казакстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын президенттеринин катышуусу күтүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн