Бугу 03, 2024
Убакыт: 09:58
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Садыр Жапаров шайлоого таасир эткен мамкызматкерлерге катуу чара көрүлөрүн эскертти

27.09.2021 09:54
819
Садыр Жапаров шайлоого таасир эткен мамкызматкерлерге катуу чара көрүлөрүн эскертти

Садыр Жапаров кечээ, 26-сентябрда, Оштун Чоң-Алай районунда жумушчу сапары менен болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


Жапаров алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштуу суроолорго жооп берип жатып, мамлекет башчысы ар бир мамлекеттик органдын алдында шайлоо жараянынын таза жана ачык өтүүсүн камсыздоого катуу талаптар коюларын өзгөчө белгиледи.


“Парламенттин жаңы чакырылышына эл кимди шайласа дал ошолор келиши үчүн бардык шарттар түзүлдү. Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 депутаттан турат. 54 депутат партиялык тизме аркылуу, 36 бир мандаттуу округдан шайланат. Шайлоочулар партия үчүн гана добуш берген өткөн шайлоолордон айырмаланып, алдыдагы шайлоолордо шайлоочулар партия үчүн эле эмес, андагы өзүнчө бир талапкерге да добуш берген система киргизилди. Эгер кайсыл бир мамлекеттик кызматкер шайлоо жараянына кийлигише турган болсо, ага карата токтоосуз түрдө катаал чаралар көрүлөт”, - деп билдирди Садыр Жапаров.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
мир
Ар шайлоодо чара коробуз дейт,бирок башкача болот.