Баш оона 24, 2025
Убакыт: 05:37
USD
87.10
87.60
EUR
101.90
102.90
RUB
1.075
1.105

Садыр Жапаров шейх Заеддин күмбөзүнө жана анын атындагы мечитке барды

01.11.2022 12:58
672
Садыр Жапаров шейх Заеддин күмбөзүнө жана анын атындагы мечитке барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) болгон иш сапарынын алкагында Абу-Даби шаарындагы шейх Заеддин күмбөзүнө жана анын атындагы мечитке барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.


Мамлекет башчысы БАЭнин негиздөөчүсү жана биринчи Президенти шейх Заед бин Султан Аль-Нахаяндын элесине таазим кылып, күмбөздү көрүп чыкты.


Андан соң, Садыр Жапаров шейх Заед бин Султан Аль-Нахаяндын сөөгү коюлган жердин жанына салынган мечитке кирди.


Мечитти көрүп чыккан соң, Мамлекет башчысы Ардактуу меймандар китепчесине каалоо-тилектерин жазып калтырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн