Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 06:40
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров таза шайлоонун белгиси катары Көкүлов менен Самыйкожонун жеңишин атады

25.12.2021 09:52
1114
Садыр Жапаров таза шайлоонун белгиси катары Көкүлов менен Самыйкожонун жеңишин атады

Биз бийликке келгенден күндөн тарта шайлоону таза өткөрүү эң негизги максатыбыз экендигин белгилегенбиз. Өлкөдөгү төңкөрүштөр ыплас шайлоонун жыйынтыгынан келип чыккан. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.


"2021-жыл шайлоолордун жылы катары эсте калды. Эки жолу референдум, 2 жолу жергиликтүү шайлоо, бир жолу президенттик жана парламенттик шайлоо өттү.

Шайлоо таза өтүүсү үчүн мамлекеттен каражат алып иштеп жаткан бир да кызматкер шайлоого аралашкан жок.

Эрулан Көкүлов сыяктуу жаштар жана бир сом акча таратпаган акын Мирлан Самыйкожо сыяктуу талапкерлер жеңишке жетишти",- деди президент.


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Ташболот амракулов
Эң таза шайлоо болду!