Бугу 13, 2024
Убакыт: 02:44
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Садыр Жапаров тажик өлкөсүнүн негиздөөчүсү Сомонинин эстелигине гүлчамбар койду

29.06.2021 10:17
1136
Садыр Жапаров тажик өлкөсүнүн негиздөөчүсү Сомонинин эстелигине гүлчамбар койду


Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-июнда, Тажикстан Республикасына расмий сапарынын алкагында Душанбе шаарында тажик мамлекетинин негиздөөчүсү Исмоили Сомонинин эстелигине гүлчамбар койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Тажик мамлекетинин негиздөөчүсү Исмоили Сомонинин эстелиги борбордун «Дусти» аянтына орнотулган.

Тажикстандын улуттук биримдигинин мемориалдык комплекси 1999-жылы Саманиддер мамлекетинин 1100 жылдыгына карата ачылган. Комплекс тажик мамлекеттүүлүгүнүн символу болуп саналат.

Президент Садыр Жапаровдун Тажикстан Республикасына расмий сапары уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн