Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 22:40
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров телефон аркылуу Ильхам Алиев менен сүйлөштү

24.12.2022 21:16
658
Садыр Жапаров телефон аркылуу Ильхам Алиев менен сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-декабрда, Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү.


Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты.


Президент Садыр Жапаров Президент Ильхам Алиевди туулган күнү менен кызуу куттуктап, ага чың ден соолук жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы зор ийгиликтерди каалады.


Садыр Жапаров биргелешкен күч-аракеттин натыйжасында эки элдин ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелер мындан ары да өнүгүп, чыңдаларына ишенимин билдирди.


Өз кезегинде Азербайжан Президенти Садыр Жапаровго жылуу каалоо-тилектери үчүн ыраазычылык билдирип, боордош кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн