Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 08:54
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров тынчтык орнотуучу күчтөрдү Казакстанга жөнөтүү жөнүндө жарлыкка кол койду

07.01.2022 17:16
754
Садыр Жапаров тынчтык орнотуучу күчтөрдү Казакстанга жөнөтүү жөнүндө жарлыкка кол койду

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын аскердик контингентин Казакстан Республикасынын аймагына тынчтыкты сактоо ишине катышуу үчүн жөнөтүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын аскердик контингенти Казакстан Республикасынын аймагына кырдаалды турукташтыруу жана нормалдаштыруу максатында убактысы чектелген мезгилге тынчтык сактоо ишине катышуу үчүн жөнөтүү токтом кылынат.


Президент Садыр Жапаров аны менен катар Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин 2022-жылдын 6-январындагы чечимин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 7-январындагы токтомун, «Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин, «Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 3-бөлүг үн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66 жана 70-беренелерин эске алды.


Белгилей кетсек, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңеши Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин улуттук коопсуздукка жана өлкө суверенитетине коркунучтарга байланыштуу кайрылуусунун негизинде Казакстан Республикасына тынчтык орнотуучу жамааттык күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн