Бугу 16, 2024
Убакыт: 22:05
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Садыр Жапаров түрк өлкөлөрүнүн лидерлери менен бирге Самарканд шаарындагы “Регистан” аянтына көчөт отургузду

11.11.2022 17:09
328
Садыр Жапаров түрк өлкөлөрүнүн лидерлери менен бирге Самарканд шаарындагы “Регистан” аянтына көчөт отургузду

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, Самарканд шаарына (Өзбекстан Республикасы) Түрк мамлекеттеринин уюмуна (ТМУ) катышуучу-өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынына катышуу үчүн келген мамлекет жана делегация башчылары менен биргеликте көчөттөрдү отургузууга катышты.


Бак-дарактарды биргелешип отургузуу Өзбекстанда өлкө президенти Шавкат Мерзиёевдин демилгеси менен ишке ашырылып жаткан "Яшил макон" жалпы улуттук долбоорунун алкагында өттү.


Долбоордун максаты республиканын шаарларынын жана райондорунун борборлорунда жана калктуу пункттарында экологиялык абалды жана абанын тазалыгын жакшыртуу болуп саналат.


Иш-чара Өзбекстан менен ТМУнун Саммитине катышкан өлкөлөрдүн ортосундагы телекөпүрө форматында өттү.


Кыргызстандын борбору — Бишкек шаарында бак-дарактарды отургузууга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Түрк мамлекеттеринин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчилери катышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн