Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын январь айында иш сапары менен Индияга барат. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Индиянын тышкы иштер министри Субраманям Жайшанкардын жолугушуусунда белгилүү болду.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу 2021-жылдын 19-декабрында Нью-Дели шаарында өткөн «Индия-Борбор Азия» министрлер диалогунун алкагында өттү.
Тараптар мындан сырткары, эки тараптуу кызматташтыкты көп багытта өнүктүрүү тууралуу сүйлөштү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн