Бугу 04, 2024
Убакыт: 09:26
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Садыр Жапаров: Өзбекстан Кыргызстан үчүн чыныгы дос жана ишенимдүү стратегиялык өнөктөш

27.01.2023 14:03
242
Садыр Жапаров: Өзбекстан Кыргызстан үчүн чыныгы дос жана ишенимдүү стратегиялык өнөктөш

 "Кыргызстан бир тууган Өзбекстан менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө ар дайым өзгөчө маани берет", - деп президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-январда, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен анын өлкөгө болгон мамлекеттик сапарынын алкагында, кеңири форматта жолугушуусунда баса белгиледи.


Жапаров Кыргызстан үчүн Өзбекстан ынак коңшу, чыныгы дос жана ишенимдүү стратегиялык өнөктөш экендигин айтты. "Муну салт болуп келгендей өз ара түшүнүшүү жана конструктивизм духунда абдан жылуу, ачык жана достук маанайда өткөн биздин бүгүнкү жолугушуубуз дагы бир жолу далилдейт. Баарынан мурда бүгүнкү күндө биздин өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелер жогорку, стратегиялык деңгээлде экендигин дагы бир жолу абдан кубануу менен белгилегим келет", - деди Садыр Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн