Президент Садыр Жапаров жакынкы күндөрү аралыктан иштөөгө өтөт. Бул тууралуу "Вести.кг" өздүк булактарына таянып билдирди.
Буга чейин президент 17-майда Жогорку Кеңештин алдында сөз сүйлөй тургандыгын депутат Дастан Бекешев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.
"Вести.кг" президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек менен байланышканда Жапаров Жогорку Кеңеште сөз сүйлөй турганы боюнча планда жок экенин айткан.
Жапаровдун аралыктан иштөөгө өтүүсү Россияга боло турган иш сапарына байланыштуу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн