Бугу 15, 2024
Убакыт: 10:35
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Садыр Жапаров жалпы республикалык эл каттоого катышты

25.03.2022 10:45
353
Садыр Жапаров жалпы республикалык эл каттоого катышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-мартта, өлкө боюнча башталган 2022-жылдагы Кыргызстандын калкын жана турак жай фондун жалпы республикалык каттоого катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


Мамлекет башчысы суроолорго сурамжылоонун формасы боюнча жооп берди. Каттоочу атайын мобилдик тиркеменин жардамы менен президент Садыр Жапаров жана анын үй-бүлөсү тууралуу бардык маалыматтарды жеринде жазып алды.


Эске салсак, Кыргызстанда калкты жана турак жай фондун каттоо 25-мартта башталып, 2022-жылдын 3-апрелине чейин уланат. Республиканын алыскы аймактарында каттоо 2022-жылдын 23-апрелинен 2-майга чейин жүргүзүлөт.


Эл каттоого 28 миң убактылуу каттоочу кызматкерлери (координаторлор, инструктор-көзөмөлдөөчүлөр жана эл каттоочулар) тартылды.


Жалпы республикалык өнөктүк каттоочулар тарабынан жеке уюлдук телефон же планшет аркылуу мобилдик тиркемени колдонуу менен биринчи жолу электрондук форматта өткөрүлөт




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн