Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 23:54
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров жана КМШ мамлекет башчылары Орус музейине барышты

27.12.2022 16:41
657
Садыр Жапаров жана КМШ мамлекет башчылары Орус музейине барышты


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-декабрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (мүчө мамлекеттердин жетекчилери менен бирге Санкт-Петербург шаарындагы Орус улуттук көркөм өнөр музейинде болду.


Шериктештиктин бейформал саммитине катышуу үчүн орус тараптын чакыруусу менен келген КМШ өлкөлөрүнүн жетекчилерин музейде Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин тосуп алды.


Мамлекет башчылары Карл Брюллов, Иван Айвазовский, Федор Бруни жана академиялык мектептин башка чеберлеринин эмгектери коюлган Орус музейинин Михайловский сарайындагы экспозицияны кыдырып чыгышты.


Сапардын соңунда өлкө лидерлери расмий эмес эртең мененки тамакта аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн