5-6-октябрдагы толкундоолордон кийин бийликке келген Садыр Жапаров президенттик башкарууну, депутаттарды бир мандаттуу округдардан шайлоону, президент, парламенттен жыл сайын отчет алып турган, отчету жакпаса президентти да, парламентти да бийликтен кетире турган Элдик курултайды убадалаган. Бул максаттарды турмушка ашыруу үчүн Конституцияга мына ушул өңүттөгү өзгөртүүлөр киргизилиш керек.
Бирок акыркы кездеги Садыр Жапаровдун билдирүүлөрү конституциялык реформа башка багыт алганын көрсөтөт. Ал баягы эле ашмалтайы чыккан аралаш системасынын бир түрү болчудай.
Маселен, 3-октябрда Ошто парламенттик шайлоо апрель, май айларында болот, Жогорку Кеңештин бир бөлүгү бир мандаттуу шайлоо округдардан, калган бөлүгү партиялык тизме менен шайланат деп айтылды. Ага чейин парламенттик шайлоо 2021-жылдын биринчи жарымында болбойт деген. Анын алдында мартка чейин болот деген эле. Эми мөөнөттөр дагы өзгөрүптүр. Бирок маселе башкада. Маселе парламенттин кандай жол менен шайланышында. Эгерде мамлекет таза парламенттик башкарууну же аралаш системаны тандап алса, анда партиялык тизме менен шайлоо оңдуу жана логикага ылайыктуураак болот. Анткени шайлоодо жеңип келген партия өкмөттү түзүп, тизме башындагы лидери өкмөт башчы болуп, мамлекеттин аткаруу бийлигин толугу менен колуна алыш керек. Ошондо жоопкерчиликтүү бийлик болот.
Эгерде мамлекет президенттик башкарууга багыт алса, анда өкмөт башчы кызматы, анын аппараты жоюлуп, президент өзү аткаруу бийлигин башында болот. Бул АКШ жана Түркия мисалындагы бийлик системасы. Мындай шартта депутаттарды бир мандаттуу округдардан шайлоо максатка ылайыктуу. Бул бийлик бутактарын теңдештирүү, президенттин “диктатор” болуп кетпеши үчүн да керек.
Ал эми Садыр Жапаров айткандай парламенттин жарымын партиялык тиме, жарымын бир мандаттуу округдардан шайлоо өткөөл мезгилдеги гибрид парламент болуп калат.
Карап көрүңүз, Россия, Украина парламенттин жарымын бир мандаттуу округдардан шайлайт. Бул өлкөлөрдө премьер-министр биздегидей эле “сары улак”. Президент болсо кол жеткис бийикте.
Кыргызстанда болсо мына ушундай аралаш системадан кетип, таза президенттик, же таза парламенттик башкарууга өтүшүбүз керек деген пикир басымдуулук кылат.
Европа чөлкөмүнө келгенде, таза парламенттик башкаруу системасы орнотулган Германияда парламенттин жарымы партиялык тизме, калганы бир мандаттуу округдардан шайланат. Бизге көбүрөөк тааныш Грузия да таза парламенттик башкаруу системасына өткөн. Бул өлкөдө парламент 150 депутаттан турат. Анын 120 партиялык тизме менен, калган 30 бир мандаттуу округдардан шайланат.
Учурда Садыр Жапаров жана анын жан-жөкөрлөрү президенттик шайлоого жан үрөп, бүт күчүн, дитин ошол жакка буруп калышты. Алар президенттикти алсак, бийликте болобуз, калганын каалагандай жасайбыз деген ойдо.
Ошондуктан алар конституциялык реформаны экинчи планга калтырып коюшкандай. Натыйжада ийгиликтүү, ойлонулган, мамлекетке кызмат кыла турган Конституция жөнүндө жыйнактуу ой, идея жок. Күн сайын жаңы бир нерсе айтылып жатканы да ошондон сыягы...
Айданбек Акматов, журналист
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн