Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 15:34
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Садыр Жапаров жаңы өкмөт мүчөлөрүн кызматка дайындоо боюнча Жарлыкка кол койду

03.02.2021 18:50
878
Садыр Жапаров жаңы өкмөт мүчөлөрүн кызматка дайындоо боюнча Жарлыкка кол койду

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жарлыкка ылайык:

Кармышаков Улукбек Тойчуевич вице-премьер-министр — экономика жана каржы министри кызматына дайындалды;

Асанкулов Жеңишбек Асанкулович Өкмөттүн Аппаратынын Жетекчиси — министр кызматына дайындалды;

Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, коргоо министри кызматына дайындалды;

Казакбаев Руслан Айтбаевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, тышкы иштер министри кызматына дайындалды;

Чынбаева Асель Рыспековна юстиция министри кызматына дайындалды;

— Ниязбеков Улан Омоканович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, ички иштер министри кызматына дайындалды;

— Бейшеналиев Алмазбек мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, билим берүү жана илим министри кызматына дайындалды;

Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына дайындалды;

Абдралиева Гүлмира Курманбековна транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри кызматына дайындалды;

Турдубаев Кубанычбек Апышевич энергетика жана өнөр жай министри кызматына дайындалды;

Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри кызматына дайындалды;

Ажикеев Бообек Эргешевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, өзгөчө кырдаалдар министри кызматына дайындалды;

Иманалиев Кайрат Олжобаевич маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри кызматына дайындалды;

Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына дайындалды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн