Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 23:28
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн республикалык жыйынында сөз сүйлөдү

21.10.2021 13:24
411
Садыр Жапаров жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн республикалык жыйынында сөз сүйлөдү

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-октбярда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин республикалык кеңешмесинде сөз сүйлөдү.


Төмөндө мамлекет башчысынын сөзү.


Белгилей кетсек, Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын Республикалык кеңешмеси өтүүдө.


Иш-чарага президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров башында турган министрлер кабинети, мамлекет башчысынын региондордогу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери, айыл өкмөт башчылары жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышууда.


Аталган иш-чара 25-октябрда белгиленчү Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү коомчулуктар күнүнүн алкагында өтүүдө.


Жыйында региондорду жана жалпы өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги маселелери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сапатын жана кесипкөйлүгүн жогорулатуу талкууланат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн