Бугу 12, 2024
Убакыт: 20:30
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Садыр Жапаров жубайы менен бирге Франция президентинин атынан кабыл алуу иш-чарасына катышты

10.11.2023 16:26
270
Садыр Жапаров жубайы менен бирге Франция президентинин атынан кабыл алуу иш-чарасына катышты


Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен бирге Парижде Франциянын президенти Эммануэль Макрондун атынан мамлекет башчыларын жана биринчи айымдарды кабыл алуу иш-чарасына катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.

Кабыл алуу Париж тынчтык форумуна катышкан мамлекеттердин башчыларынын урматына өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров күн мурун Париж шаарына (Франция) иш сапары менен келди. Мамлекет башчысы Париж тынчтык форумунун алкагында «Бир планета» саммитинин ишине, ошондой эле ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 42-сессиясына катышат.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн