Президент Садыр Жапаров биринчи айым Айгүл Жапарова менен бирге Бишкектеги Asia Mall соода борборуна барды. Бул тууралуу аталган соода борборунун Инстаграмдагы баракчасында айтылат.
"Бүгүн Садыр Жапаров биринчи айым Айгүл Жапарова менен чогуу Asia Mall`дун коногу болушту", - деп айтылат соода борборунун расмий баракчасында.
Социалдык желеге жарыяланган сүрөттөрдөн мамлекет башчысы жана биринчи айым элдер менен бирге тез татым жайларынын биринде түштөнүп, алар менен баарлашып отургандыгын көрүүгө болот.
Айрым шаар тургундары президент жана биринчи айым менен сүрөткө түшкөнгө да үлгүрүшкөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн