Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 14:04
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Садыр Жапаров жугуштуу оорулар ооруканасындагы "кызыл зонага" барды (Фото)

15.04.2021 14:53
1099
Садыр Жапаров жугуштуу оорулар ооруканасындагы "кызыл зонага" барды (Фото)

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-апрелде, Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасындагы «кызыл зонага» барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.


Жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев учурда 354 бейтап дарыланып жатканын, алардын 14ү өтө оор абалда, 144ү оор абалда экенин маалымдады.

Ал медициналык мекеменин иши, бейтаптарды дарылоо жана медициналык жардам көрсөтүүнүн сапаты жөнүндө айтып берди.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы көрүлүп жаткан чараларга токтолду.

Коронавирус инфекциясы пандемиясынын үчүнчү толкунуна даярдануу алкагында республиканын бардык медициналык мекемелеринде дары-дармектердин жетиштүү кору бар экендигин белгиледи.

Мындан сырткары, бөлүнгөн 200 миллион сом керектүү дары-дармектерди жана жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга жумшалат, ошондой эле коронавирустан дарыланып чыккан учурларга 157 миллион сом каралган.

«Кызыл зонада» мамлекет башчысы бейтаптардын, анын ичинде реанимация бөлүмүндөгү абалы өтө оор болгондордун саламаттыгынан жана дарылоо шарттарынан кабар алды.

«Кызыл зонадан» чыккандан кийин Садыр Жапаров медицина кызматкерлери менен баарлашып, алардын көйгөйлөрүнө кызыкты.

Мамлекет башчысы учурда өлкө жетекчилиги медицина кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча иш алып барып жаткандыгын, атап айтканда, Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылгандыгын, башка категориядагы дарыгерлердин эмгек акыларын көтөрүү пландаштырылып жатканын баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров өзгөчө кооптуу шарттарда иштеп, күн сайын өлкө жарандарынын ден-соолугу үчүн өз өмүрлөрүн тобокелге салып жаткан медицина кызматкерлерине талбаган эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал мамлекет тарабынан медиктердин иштөө шарттарын акырындап жакшыртууга болгон күч-аракеттер улантыларына ишендирди.

Оорукананын кызматкерлери Мамлекет башчысына медицина кызматкерлеринин абалы менен көйгөйлөрүнө көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Алар өлкө президентинин жеке өзү келип, кырдаал жөнүндө маалыматты жеринен алып, медиктердин кыйынчылыктары менен көйгөйлөрүн сураганы кубандырып жатканын белгилешти.

Медицина кызматкерлери көрсөткөн колдоосу үчүн президентке ыраазычылык айтуу менен бирге жарандардын жана өлкө жетекчилигинин ишенимин актаганга аракет кылып жатышканын билдиришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн