Бугу 05, 2024
Убакыт: 05:09
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Садыр Жапаров жумушчу сапар менен Сауд Аравияга жөнөп кетти

18.07.2023 16:56
211
Садыр Жапаров жумушчу сапар менен Сауд Аравияга жөнөп кетти


Президент Садыр Жапаров бүгүн Сауд Аравиянын Падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен “Борбор Азия - Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңеши” аттуу мамлекет башчыларынын биринчи Саммитине катышуу үчүн Жидда шаарына жумушчу сапар менен жөнөп кетти.

Сапардын алкагында президент Садыр Жапаровдун Булуңдагы араб мамлекеттеринин башчылары менен эки тараптуу жолугушуулары да пландалган.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:

• Жээнбек Кулубаев - тышкы иштер министри;
• Улукбек Марипов - Кыргызстадын Сауд Араб Падышалыгындагы элчиси;
• Данияр Амангелдиев - экономика жана коммерция министри;
• Тойгонбай Абдыкаров - дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору;
• Каныбек Туманбаев – президенттин иш башкаруучусу;
• Талгат Аширбеков – президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн