Бугу 05, 2024
Убакыт: 07:08
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Садыр Жапаров жумушчу сапар менен Жиддага барды

19.07.2023 08:45
291
Садыр Жапаров жумушчу сапар менен Жиддага барды


Президент Садыр Жапаров 18-июлда Сауд Аравиянын Падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен өлкөгө жумушчу сапар менен барды.

Мамлекет башчысынын борту Жидда шаарынын эл аралык аэропортуна конду.

Аэропортто килем төшөлүп, Ардактуу кароол тизилди.

Президент Садыр Жапаровду Меккенин губернатору Халид бен Фейсал Аль Сауд тосуп алды.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы “Борбор Азия - Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңеши” аттуу мамлекет башчыларынын биринчи Саммитине катышат. Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда региондор аралык кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.

Мындан башка сапардын алкагында президент Садыр Жапаровдун Булуңдагы араб мамлекеттеринин башчылары менен жолугушат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн