Бугу 02, 2024
Убакыт: 03:20
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Садыр Жапаровдо эки жолу бар, ал кайсынысын тандайт?

12.01.2021 14:21
698
Садыр Жапаровдо эки жолу бар, ал кайсынысын тандайт?


10-январда кезексиз президенттик шайлоодон жеңип чыккан Садыр Жапаров 1 айдын аралыгында ант берип, кызматка толугу менен киришет. Ага чейин Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) келген арыздарды карап, бюллетендерди колдо санап бүтүп, добуш берүүнүн расмий жыйынтыгын чыгарат.


Жапаров ишке киришери менен аны оңой эмес жумуштар күтүп турат. Анда жалпысынан алганда эки жол бар.


Биринчиси, эң алгач азыркы кризистен чыгарып, чечкиндүү реформаларга бара ала турган жаңы өкмөт башчысын тандашы керек болот. Премьер-министрди тандоодо анын тааныш, санаалаш, партиялаштыгына карабай, позициялары туура келбесе да мамлекетти көтөрө турган инсанга мүмкүнчүлүк бериши зарыл. Министрлер кабинетинин башында өзү туруп, кыска аралыкта азыркы күнгө чейин иштеп жаткан ири коррупциялык схемаларды кан буугандай токтотуп, казынага агылган каражаттын көлөмүн эселеп көтөрүү зарыл. Ошондой эле Конституицияны өзгөртүү боюнча референдумду, жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен парламенттик шайлоону тез арада таза өткөрүп, элди саясаттан алыстатууга киришсе. Шайлоо учурунда аны жандаган олигархтарды, шылуундарды ким экенине карабай жоопко тартса. Тышкы мамилени оң жолго салып, элдин үмүтүн жанданткан ири долбоорлорго карай кадам шилтесе жолу шыдыр болгону турат.


Садыр Жапаровду күтүп турган экинчи жол бул  - эски система, мурдагы президенттердин жолу. Анда Жапаров кландар менен эсептешип, Кыргызстандын байлыгын 30 жылдан бери тоноп келген 200-300 “төбөлдүн” жетегинде болуу. Алар менен мамилесин бузбай, эсептешип, коррупциялык схемаларга тийбей, ошол эле учурда өзү да “доляга” отуруп, эбегейсиз байлык топтоо. Эгер Садыр мырза бул жолду тандай турган болсо Кыргызстандын да, өзүнүн да тагдырына балта чабат. Жакшы үмүт кылып, бир ууч топтун эмес, элдин таламын жактаган президент болсун деп тилек кылалы.


Канатбек Аскаров


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн