Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 17:45
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Садыр Жапаровдон кийин Камчыбек Ташиев президент болобу?

19.02.2021 11:46
1549
Садыр Жапаровдон кийин Камчыбек Ташиев президент болобу?


УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин кадыры күн өткөн сайын көтөрүлүп, анын аракеттери коомчулук тарабынан колдоого алынууда. Жакында Германияга дарыланганы кеткенде Ислам аалымдарынан баштап жүз миңдеген адамдар дуба кылып, Камчыбек мырзанына эртерээк сакайып кетишин тиледи.


Ташиев алыскы Европадан жүрөгүнө операция жасатып кыйналып турганына карабастан үйүнө да барбай, түз эле Баткенге сапар тартканы да көпчүлүктү кубандырды. Ал жакта эл менен жолугушуу учурунда жалындуу сүйлөп, элге дух бергени колдоого татыды. “Эртеңден баштап ири чиновниктер камала баштайт” дегенинен көп өтпөй эле атактуу Райымбек Матраимов кармалды. 


Чынында акыркы кездери көпчүлүк Ташиевди келечектеги президент катары да атап жатат. Учурдагы мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун мөөнөтү аяктагандан кийин анын ордуна Камчыбек мырза шайланып калышы ыктымал болуп турат. 


Канатбек Аскаров


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн