Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 03:18
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмиратына болгон иш сапары аяктады

02.11.2022 09:09
450
Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмиратына болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 30-октябрдан 1-ноябрга чейинки Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


Иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров БАЭ президенти шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайян менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы өнүгүп жаткан кызматташуу келечегин, соода-экономикалык, билим берүү, гуманитардык, инвестициялык жана башка өз ара кызыкчылык туудурган тармактардын маселелерин талкуулашты.


Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Анын ичинде 1 млрд 200 млн АКШ доллары суммасына чейинки ири коммерциялык өнүгүү долбоорлорун ишке ашырууну көздөгөн, уставдык фонду 100 млн АКШ доллар болгон Биргелешкен холдингдик компания түзүлдү.


Ошондой эле иш сапардын алкагында мамлекет башчысы «Wahat Al Karama» мемориалдык комплексине барып, Мекени үчүн курман болгон БАЭ баатырларынын элесине таазим кылып гүлчамбар койду.


Андан соң Бириккен Араб Эмираттарынын негиздөөчүсү жана биринчи президенти шейх Заед бин Султан Аль Нахаяндын күмбөзүнө, ошондой эле шейх Заеддин ысымы ыйгарылган мечитке барды.


Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда, иш сапарын аяктап Бишкек шаарына кайтып келди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн