Теке 08, 2025
Убакыт: 15:58
USD
87.30
87.80
EUR
102.30
103.30
RUB
1.110
1.135

Садыр Жапаровдун Эмомали Рахмон менен расмий жолугушуу аземи өттү

08.07.2025 12:11
18
Садыр Жапаровдун Эмомали Рахмон менен расмий жолугушуу аземи өттү


Бүгүн, 8-июлда Душанбе шаарындагы “Улут сарайынын” аянтында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү.


“Улут сарайында” Кыргызстан жана Тажикстандын мамлекеттик туулары илинип, Ардак кароол тизилип, килем төшөлдү.


Мамлекет башчылары өз ара саламдашкандан кийин Ардак кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алышты. Андан соң аскердик оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин ойноду. Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын урматына өзгөчө салтанаттуу саламдашуу жана сый көрсөтүү иретинде гимндер аткарылып жатканда 21 артиллериялык ок атылды.


Андан соң лидерлер ардактуу кароолдун катарын кыдырып өтүштү, мындан кийин мамлекет башчыларына тараптардын делегациялары тааныштырылды.


Расмий азем аяктагандан кийин лидерлер сүрөткө түшүү аземи үчүн "Улут сарайынын" фойесине өтүштү, андан соң тар курамдагы сүйлөшүүлөр залына киришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн