Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:56
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаровдун Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары аяктады

02.06.2022 17:01
1187
Садыр Жапаровдун Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары аяктады

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 1-2-июнда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


Сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысы Чолпон-Ата шаарындагы 17 жылдан бери токтоп турган «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексин ачты.


Ошол эле жерде Садыр Жапаров Ысык-Көл районундагы жалгыз «Билим Ордо» мектеп-комплексинде болуп, окуучуларды Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады.


Ошондой эле, ал мамлекеттик мекеменин балансындагы үлгүлүү эс алуу үйү болгон Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин «Дельфин» спорттук-ден соолук чыңдоочу лагеринин иши менен таанышты.


2-июнда Мамлекет башчысы Бириккен Араб Эмираттарынын экономика министри Абдулла бин Таук Аль-Маррини кабыл алды.


Андан соң Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы таланттуу балдар үчүн президенттик мектептин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, анын курулушун жаңы окуу жылына чейин бүтүрүүнү тапшырды.


Иш сапарын аяктап, Президент Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн