Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 10:43
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары аяктап, өлкөгө кайтып келди

08.06.2023 18:00
384
Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары аяктап, өлкөгө кайтып келди


Президент Садыр Жапаровдун Казакстанга 7-8-июнда болгон иш сапары аяктады.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы Эл аралык Астана форумунун ишине катышып, сөз сүйлөдү, ошондой эле модератор Ричард Квесттин бүткүл региондун экономикалык жана экологиялык дивиденддерин алуу үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн кооперациясынын артыкчылыктары жөнүндө суроосуна жооп берди.

Ушул эле жерде Эл аралык Астана форумунун алкагында Садыр Жапаров Босния жана Герцеговинанын Президиумунун төрайымы Желька Цвиянович менен жолугушту.

Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана келечеги, бардык тармактарда өз ара аракеттенүүнү арттыруу боюнча чаралар тууралуу баарлашты.

Садыр Жапаров менен Желька Цвиянович мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бири-бирин өз өлкөсүнө сапар менен келүүгө чакырышты.

Казакстанга болгон иш сапарын аяктап, бүгүн, 8-июнда президент Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн