Бугу 04, 2024
Убакыт: 06:42
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Садыр Жапаровдун Кытайга боло турган иш сапары талкууланды

12.05.2023 19:40
408
Садыр Жапаровдун Кытайга боло турган иш сапары талкууланды

Бүгүн, 12-майда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, жолугушууда президент Садыр Жапаровдун Кытайга мамлекеттик сапарына даярдык көрүү, ошондой эле Сиань шаарында өтө турган "Кытай-Борбор Азия" 1-саммитине катышуусу боюнча пикир алмашуу болду. Ошондой эле мамлекеттик визиттин жана "Кытай-Борбор Азия" 1-саммитинин жыйынтыгы боюнча да кол коюуга сунушталган документтердин долбоорлорун иштеп чыгуунун жүрүшү тууралуу суроолор талкууланды.


Мындан тышкары, тараптар кыргыз-кытай мамилелеринин актуалдуу маселелерин, атап айтканда, соода-экономикалык чөйрөнү жана КЭР өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн