Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 10:42
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапары жыйынтыкталды

25.05.2021 20:49
2016
Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапары жыйынтыкталды


Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Россия Федерациясынын Сочи шаарына болгон иш сапары жыйынтыкталды.


Иш сапардын алкагында Россия президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр болду.


Мамлекет башчылары кыргыз-россия эки тараптуу кызматташуусунун азыркы абалы менен келечектүү багыттарын, акыркы жолугушуунун жыйынтыгы менен жетишилген келишимдердин аткарылышын, ошондой эле интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу пландарын талкуулашты.


Башка маселелер менен катар региондогу коопсуздукту жана туруктуулукту колдоо маселеси да каралды.


Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Сочи шаарынын «Сириус» федералдык аймагында жайгашкан Олимпиада паркына барып, спорттук объектилер менен таанышты.


Бүгүн, 25-майда, президент Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн