Бугу 10, 2024
Убакыт: 20:17
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Садыр Жапаровдун Санкт-Петербург шаарына болгон иш сапары аяктады

28.12.2022 08:14
608
Садыр Жапаровдун Санкт-Петербург шаарына болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 26-27-декабрда Санкт-Петербург шаарына (Россия Федерациясы) болгон жумушчу сапары аяктады.


Мамлекет башчысы жыл сайын салттуу түрдө Россия тараптын демилгеси менен өтүүчү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты.


Ошондой эле Президент Садыр Жапаров жана КМШ өлкөлөрүнүн башка башчылары Орус музейине барышып, россиялык белгилүү искусство чеберлеринин эмгектери менен таанышты, мындан башка бейформал эртең мененки тамактанууда болушту.


Жумушчу сапарын аяктаган Мамлекет башчысы бүгүн, 27-декабрда, Бишкекке кайтып келди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн