Бугу 21, 2024
Убакыт: 08:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон иш сапары аяктады

30.09.2022 11:22
921
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон иш сапары аяктады


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Түркия Республикасына иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.


Мамлекет башчысы Бурса шаарында Осмон мамлекетинин негиздөөчүсү жана анын жакындары коюлган “Осман гази жана Орхан гази турбеси” мемориалына барды.


Андан соң делегация мүчөлөрү менен биргеликте Изник шаарын алуу үчүн салгылашууда курман болгон кыргыз жоокерлердин элесине арналган “Кыргыздар турбеси” мемориалына барышты.


Ушул эле күнү Садыр Жапаров Изник шаарында Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты.

Андан соң Кыргызстан менен Түркиянын лидерлери жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Садыр Жапаров менен Режеп Тайип Эрдоган биргелешкен кызматташуунун актуалдуу багыттарын жана кыргыз-түрк эки тараптуу мамилелеринин келечегин талкуулашты.


Иш сапарын аяктап, Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-сентябрда, Бишкекке кайтып келди.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн