Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 06:59
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Садыр Жапаровдун активдүү колдоочулары эмне үчүн Мариповго каршы чыгышууда?

03.02.2021 17:34
863
Садыр Жапаровдун активдүү колдоочулары эмне үчүн Мариповго каршы чыгышууда?


Премьер-министрликке сунушталып, Жогорку Кеңештин колдоосуна ээ болгон Улукбек Мариповго каршы чыккандардын саны арбып баратат. Аны колдобогондор “эски бийлик менен иштешкен, 5 жыл Эсептөө палатасын жетектеп эмнени кыйратты?” деген сыяктуу жүйөлөрдү келтирүүдө. Ал эми Марипов өзүнүн талапкерлигин президент Садыр Жапаров сунуштаганын, реформаларды жасай турганын айтууда.


Эң кызыгы Мариповго президент Садыр Жапаровдун активдүү колдоочулары каршы чыгууда. Маселен Бакай Кашкарбаев менен ашынган “жапаровчу” бүгүн Ак үйдүн алдында жаңы премьерге каршы митингдин башында турду. “Урматтуу депутаттар, ушундай кырдаалда Улукбек Марипов өкмөттү тартып кете алабы? Кечирип коюңуздар. Тартып кете албайт”, - деди ал.


Ошондой эле Садыр Жапаровдун дагы бир активдүү колдоочусу Бекзат аттуу жигит социалдык тармак аркылуу түз эфирге чыгып Мариповду ашкере “ашатты”.


“Мариповду эч ким кабыл албай жатат. Эл Садыр Нургожоевич дегениибиз үчүн ал киши 80 пайыз менен өтүп келди. Душманга күлкү болбошубуз керек. Мага да чалып жемелеп жатат. Мариповдун артында көп сөздөр бар экен”, - дейт ал.


Ошентип жаңы премьерди тандоодо Жапаров менен колдоочуларынын ортосунда пикир келишпестик болууда. Ал арада парламент Мариповдун талапкерлигин жактырды. Эми президент кол койсо ишке киришет. Эми Мариповго каршы чыккандар кандай кадамга барат болду экен?

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн