Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 16:42
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаровдун балдардын онкология борборунун абалын жакшыртуу тапшырмасын берди

01.04.2023 19:00
362
Садыр Жапаровдун балдардын онкология борборунун абалын жакшыртуу тапшырмасын берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-апрелде, Бишкек шаарындагы Улуттук онкология жана гематология борбору менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна пландан тышкары барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.


Султанбаев белгилегендей, мамлекет башчысы ооруканадагы палаталардын, дарылоо бөлмөлөрүнүн жана башка инфратүзүмдөрүнүн абалы менен таанышты. Садыр Жапаров ооруканалардагы бейтаптар менен баарлашып, аталган медициналык мекемелердеги дарылануу шарттарынан да кабар алды.


Текшерүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчысы саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова жана Улуттук онкология жана гематология борборунун жетекчилиги менен онкологиялык бейтаптарга бекер кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулады.


"Президент Жапаров ошондой эле балдардын эң ыңгайлуу шартта дарылануусу үчүн Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы шарттарды жакшыртууну, балдар үчүн дары-дармектин тартыштыгына жол бербөөнү тапшырды", - деди мамлекет башчысынын басма сөз катчысы.


 

   

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн