Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 04:47
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Садыр Жапаровдун инаугурация боюнча чечимин коомчулук кандай кабыл алды?

22.01.2021 11:30
580
Садыр Жапаровдун инаугурация боюнча чечимин коомчулук кандай кабыл алды?


21-январда жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурация иш-чарасына 10-15 миллион сом кетет экен деген маалымат чыгып көпчүлүктүн талкуусуна жем таштады.  Айрым колдонуучулар башка президенттерге салыштырмалуу жакшы өтөт десе,айрымдар 10 миллион эч нерсе эмес деген.


Айрым колдонуучулар Молдованын жаңы президент үлгү катары көрсөтүп, ошондой жөнөкөйлүккө чакырган.


Укук коргоо органдары борбордогу айрым чоң жолдорду даярдык үчүн жапканы көпчүлүктүн нааразычылыгын  жаратты.


Кечээ кечинде социалдык тармактын колдонуучусу Садыр Жапаров инаугурацияга даярдык боюнча көчөлөрдүн нааразы экенин жана президент болгондон кийин да жолду тостуруп, МАИнин коштоосу менен жүрбөй турганын билдиргенин жазып чыкты.


Бул маалымат чыгар замат коомчулуктун пикири кайра өзгөрдү.


Социалдык тармактарда "Ушундай маалымат чыкпаса 10 миллион кайда кетет экен деп эсебин чыгара албай жаттым" деген да билдирүүлөр пайда болгон.


Негизинен шайлоого катышкан элдин көпчүлүгү Садыр Жапаровду шайлагандан, азырынча ага  үмүт артып мындай нерселерге көңүл бурбоого чакырган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн