Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:40
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Садыр Жапаровдун инаугурациясына 1000ден ашык адам катышат

27.01.2021 10:14
558
Садыр Жапаровдун инаугурациясына 1000ден ашык адам катышат

Эртең, 28-январда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаровдун кызматка киришүү аземи болот. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Иш-чарага катардагы жарандардан, коомдук ишмерлерден, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрүнөн, ата мекендик жана чет элдик алдыңкы маалымат каражаттарынын жетекчилеринен турган миңден ашуун мейман чакырылган.

Чакырылган меймандардын бардыгы коронавирус инфекциясына ПЧР анализдерин тапшырышканын белгилей кетүү керек. Иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык уюштурулууда.

Инаугурация аземи Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жана республикалык телеканалдар аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.

Мындан сырткары, Бишкек шаарынын борбордук «Ала-Тоо» аянтында шаардыктар үчүн иш-чара түз эфирде көрсөтүлөт.

Азем саат 10.45те түз эфирде көрсөтүлүп баштайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн