Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун ант берүү аземи кийинки жумада болушу мүмкүн. Бул тууралуу АКИпресс сайты өздүк булактарына таянуу менен жазып чыкты. Анда бул иш-чара 21-январда өтүшү божомолдонгон.
“Салтанатты өткөрүү пландалган күндөрдүн бири — 21-январь. Ант берүү аземи өтүшү үчүн БШК расмий түрдө шайлоонун акыркы жыйынтыктарын жарыялашы керек. Андан тышкары уюштуруу комитети түзүлөт”, - деп айтылат аталган маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн