Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:46
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Садыр Жапаровдун мугалими: Садырдын жаш кезинде эле башкалардан айырмаланып лидерлик сапаты бар эле

31.01.2022 16:39
3307
Садыр Жапаровдун мугалими: Садырдын жаш кезинде эле башкалардан айырмаланып лидерлик сапаты бар эле

Класстагы 25 окуучудан айырмаланып, лидерлик касиети бар болчу. Мындай пикирин президент Садыр Жапаровдун кыргыз тили жана адабияты мугалими Шекербек Сыдыков "Кут Билим" гезитине билдирген.


"Садыр 1985-жылы Сан-Таш орто мектебине 10-класска Бишкектеги интернаттан которулуп келип окуп калды. Ал окууда отличник болбосо да, сабагына тың, жакшы окуган бала эле. Класстагы 25 окуучудан айырмаланып, лидерлик касиети бар болчу. Өзү теңдүү балдарды чогултуп, спорттук секцияларга тартып жүрдү. Тынбаган, күжүрмөн, эмгекчил жигит болуп чоңойду. Менин сабагымды да жакшы окуду. Бир жыл ичинде мектептин алдыңкы балдарынын катарында жүрүп, ийгиликтүү бүтүрүп, борбордогу окууга өтүп, студент болуп кетти",- деп билдирген Президенттин кыргыз тили жана адабияты мугалими.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн