Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун үстүнөн арыз түштү. Аталган арызды Жарандык коом үчүн коалициясы берип, Жапаровдун 23-ноябрдагы 7-каналга берген маегин үгүт иши деп баалаган.
Мекеменин өкүлдөрү БШКны Садыр Жапаровго укуктук баа берүүгө чакырууда. “Садыр Жапаровдун 7-каналга берген маегинде үгүт иштеринин элементтери бар. Бул шайлоо мыйзамдарына каршы келет жана ага чара көрүшүңүздөрдү суранабыз”, - деп айтылат аталган уюмдун билдирүүсүндө
Пикирлер (33)