Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 13:21
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапары аяктады

11.11.2022 23:43
451
Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапары аяктады

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун үстүбүздөгү жылдын 10-11-ноябрында Өзбекстанга болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


Сапардын алкагында мамлекет башчысы Самарканд шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин тогузунчу Саммитинин жыйынына катышып, анын жыйынтыгында бир катар документтер кабыл алынды.


Жыйында ТМУнун мамлекет башчыларынын чечими менен Кыргыз Республикасынын өкүлү Кубанычбек Өмүралиев Уюмдун башкы катчысы болуп дайындалды.


Ошону менен бирге, президент Садыр Жапаровго чыгаан жазуучу Чыңгыз Айтматовго көзү өткөндөн кийин ыйгарылган Алишер Навои атындагы эл аралык «Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымы үчүн» сыйлыгы тапшырылды.


Саммиттин аянтчасында мамлекет башчысы Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жана Түркмөнстандын Халк Маслахаты Милли Генгешинин төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, өз ара кызыкчылык туудурган актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулады.


Ошондой эле Өзбекстандын президенти Шавкат Мерзиёев тарабынан демилгеленген "Яшил Макон" улуттук долбоорунун алкагында "Регистан" аянты1энда Садыр Жапаров, ТМУ өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары жана делегация мүчөлөрү биргелешип көчөттөрдү отургузушту.


Иш-чара Өзбекстан менен ТМУ Саммитине катышкан өлкөлөрдүн ортосунда телекөпүрө форматында өттү.


Бүгүн, 11-ноябрда, президент Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн