Садыр Жапаровдун жактоочусу Акин Токталиев УКМКнын алдында өтүп жаткан Максат ажыны колдоо митингге келди.
Ал жерде юрист журналисттердин суроосуна жооп берип жатат.
"Азыр Максат ажы эки тараптын Муфтийлик үчүн болгон күрөшүнөн улам камалып отурат. Бир тарапта Жапаровдун Бурканов деген кеңешчисинин адамын экинчи тарапта Камчыбек Ташиевдин адамын Муфтийликке коюу аракетинен улам мындай башаламандык болуп жатат. Максат ажыга козголгон иш маркум Чубак ажыга козголгон иштин дал өзүндөй болууда. Муфтийликке кызыгып жаткандар ажылыктан артып калган жетимдерге кете турган акчаны чөнтөгүнө салууну көздөп турат. Мен Алла үчүн чындыкты айтып коёюн. Мен дин иштери боюнча мамлкеттик комиссияда отурганымда бир сом да жедиртпейт элем. Ошон үчүн мени да Максат ажыны да кызматтан алды",- деди Токталиев.
Пикирлер (1)