Бугу 15, 2024
Убакыт: 09:54
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Садыр Жапаровдун жарлыгы менен кыргыз жарандарына 18 миң 600 сом берилип жатат деген маалымат - фейк

20.08.2021 13:21
907
Садыр Жапаровдун жарлыгы менен кыргыз жарандарына 18 миң 600 сом берилип жатат деген маалымат - фейк

Садыр Жапаровдун жарлыгы менен кыргыз жарандарына 18 миң 600 сом берилип жатат деген маалымат - фейк. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы "Спутник Кыргызстанга" билдирди.


Маалым болгондой, социалдык тармактарда  президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен ар бир кыргызстандыкка 18 600 сомдон төлөнөт деген маалымат тарап жатат.


Шилтеме аркылуу кирген "маалыматтан" тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун окууга болот. Текстте ушу тапта пенсионерлерге 18,6 миң сомдон берилгени жазылган. Бирок Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Социалдык фонд "Пенсионный фонд Киргизии" деп көрсөтүлгөн.


Жапаровдун сүрөтү коюлган мындай маалыматты колдонуучулар мобилдик тиркемелердеги жарнамалык блоктон байкашкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн