Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 02:31
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаровго V Эл аралык Ысык-Көл форумунун ардактуу төрагасы наамы ыйгарылды

14.12.2023 10:17
211
Садыр Жапаровго V Эл аралык Ысык-Көл форумунун ардактуу төрагасы наамы ыйгарылды


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго Чыңгыз Айтматов атындагы V Эл аралык Ысык-Көл форумунун ардактуу төрагасы наамы ыйгарылды. Бул тууралуу Түркиядагы кыргыз элчилиги тараткан маалыматта айтылат.

Иш-чара 12-декабрда Түркиянын Анкара шаарында өтүп, ага 500дөн ашык адам катышты.

Форум Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун видеокайрылуусу менен башталды.

Форумдун негизги темалары түрк дүйнөсүнө тиешелүү биргелешкен долбоорлор жана сунуштар, ошондой эле түрк мамлекеттеринин 2040-жылга чейинки келечектеги максаттары болду.

Иш-чарага Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев, Түркиянын маданият жана туризм министринин орун басары Н. Алпарслан, Анкара коомдук илимдер университетинин ректору профессор М.К.Арыжан, Түркия парламентинин депутаттары, министрлик жана ведомстволорунун, саясий партиялардын, коомдук уюмдардын, илимий чөйрөнүн, бизнес чөйрөсүнүн, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана Түркияда жашаган мекендештер катышты.

Белгилей кетсек, форумдун экинчи этабы 2024-жылдын 8-10-июнунда Азербайжандын Баку шаарында өтөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн