Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 16:12
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Сак болуңуз! Боом капчыгайында таштар кулатылат

22.10.2021 15:36
858
Сак болуңуз! Боом капчыгайында таштар кулатылат

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы 2021-жылдын 25-октябрынан 29-октябрына чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 131-чакырымында (Боом капчыгайы, темир жолдун 3901-чакырымы) коркунучтуу таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөрүн маалымдайт. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, иш-чарага тиешелүү күчтөр жана техникалар тартылат.


Жумуштар Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай тоскондон кийин күндүз саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.


"Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет", - деп айтылат маалыматта.


Белгилей кетсек, иш-чаралар аталган тилкеде таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн