Чын курандын 10, 2025
Убакыт: 18:41:07
USD
87.40
87.80
EUR
96.20
97.20
RUB
1.015
1.050

Саламаттык сактоо уюмдарына 13 тез жардам унаасы берилди

15.07.2020 18:10
1301
Саламаттык сактоо уюмдарына 13 тез жардам унаасы берилди


13 тез жардам унаасы республиканын саламаттык сактоо уюмдарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.


Маалыматка ылайык, калкка ыкчам медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу максатында Дүйнөлүк банктын “Кыргызстандагы кырсыктарга жана коркунучтарга туруштук берүү деңгээлин жакшыртуу” долбоорунун алкагында (ERIK) жалпы суммасы 764,900,0 АКШ долларына 13 “В” классындагы тез жардам унаалары алынды.


Алардын ичинен үч транспорт каражатына өпкөнү жасалма желдетүү жабдуулары орнотулган.  Жаңы алынган ыкчам медициналык жардам көрсөтүүчү унаалар Кыргызстандын 7 облусуна таратылып берилет.


Бардык унаалар ыкчам жардам көрсөтүү жана бейтапты ооруканага ташып жеткирүү үчүн зарыл болгон медициналык шаймандар менен жабдылганы айтылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн