Бугу 20, 2024
Убакыт: 20:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Саламаттыкты сактоо министри: Медиктердин айлыгын 1000 долларга чейин көтөрүүнү пландап жатабыз

11.01.2022 14:32
1237
Саламаттыкты сактоо министри: Медиктердин айлыгын 1000 долларга чейин көтөрүүнү пландап жатабыз

Мени адамдар, айрым дарыгерлер реформа жасап жатканым үчүн жаман көрүшөт. Мындай пикирин Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Новые лица" каналына берген маегинде билдирди.


Анын айтымында, айрым ооруканаларда бир жылда болгону 3 адам дарыланат. Айлыкты бир жыл бою 30 дарыгер алат.


"Мен министр болуп келгенден тарта реформа жасоого кириштим. Бир райондогу 4-5 башкы дарыгерди жоюп бирөөн калтырдым.

Адам келбеген ооруканаларды бала бакчага айланттым.

Жыл сайын дарыгерлердин айлыгын көтөрүп тургум келет. Буга чейин 17-20 миң алган дарыгерлердин айлыгын көтөрсөк 25-30 миң сом алып баштайт.


Өлкөбүздүн бюджети жакшы болуп турса дарыгерлердин айлыгын 1000 долларга чейин көтөрүүнү пландап жатабыз",- деди министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн