Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги КМДБга кайрылып, намазды, таравих жана жума намазына чектөө киргизип, адамдардын ортосундагы байланышты чектөөгө чакырды. Бул тууралуу министрдин орун басары Жалалидин Рахматуллаев радиолордун бирине болгон маегинде билдирди.
Анын айтымында, ыкчам штабдан кийин жер-жерлердеги ыйгарым укуктуу өкүлдөр чектөө чаралары боюнча чечим кабыл алышы үчүн тапшырмалар берилди. "Албетте, бардыгын жаап салуунун кажети жок, бирок чектөөлөрдү киргизишибиз керек" деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн