Бүгүнкү күндө Саламаттыкты сактоо министрлигине гуманитардык
жардам катары берилген медицина каражаттарынын саны айтылды. Бул тууралуу
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, гуманитардык жардам катары 482 000 медициналык беткап келип түшкөн, ал эми анын 370 779 даанасы таркатылып берилген. Ал эми 34 077 коргоочу костюм келип түшсө, анын 33 877 даанасы өлкөнүн медициналык мекемелерине берилген.
Мындан тышкары келип түшкөн N 95 жана N 92 коргоочу респираторлор – 50 317, анын 50 080и сарпталган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн