Бугу 02, 2024
Убакыт: 21:07
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Салык кызматы 2022-жылы бюджетке 19,7 млрд сом жашырылган салыктарды кошумча эсептеди

06.02.2023 12:10
375
Салык кызматы 2022-жылы бюджетке 19,7 млрд сом жашырылган салыктарды кошумча эсептеди

2022-жылы салык органдары тарабынан ишкерлерге 16 миң 621 салыктык текшерүү жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча бюджетке 19,7 млрд сом өлчөмүндө салыктын төмөндөтүлгөн (жашырылган) суммасы кошумча эсептелген.


Салыктык текшерүүлөрдүн материалдары боюнча келип түшүүлөр (өткөн мезгил үчүн актылар боюнча төлөмдөрдү кошкондо) 22,8 млрд сомду түздү, бул 2021-жылга салыштырганда 16,9 млрд сомго көп.


Мындан тышкары, 2022-жылы республиканын салык органдары тарабынан тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына жалпы кошуп эсептелген 4,1 млрд сом суммасында салыктык текшерүүлөрдүн 34 материалы жөнөтүлгөн.


Ошондой эле укук коргоо органдарынан ишкерлер тарабынан салыктарды жашыруу бөлүгүндө келип түшкөн маалыматтарга талдоо жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн