Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 20:38
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Салык кызматы кызматкерлери спирттик ичимдиктерди өндүргөн компаниялар менен коррупциялык схема түзгөн

04.12.2021 09:45
921
Салык кызматы кызматкерлери спирттик ичимдиктерди өндүргөн компаниялар менен коррупциялык схема түзгөн



Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Мамлекеттик салык кызматынын жана башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдары спирт ичимдиктерин өндүргөн ири компаниялар менен биргеликте акциздик салыктарды толук өлчөмдө төлөөдөн качуу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүшкөндүгү аныкталган.  Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Алсак, 2013-2020-жылдары спирт ичимдигин өндүрүүдөн акциздик салыктардын көлөмү туруктуу мүнөздө төмөндөп, прогноздук көрсөткүчтөрдү аткарбоонун натыйжасында республикалык бюджетке 1 748,0 млрд. сом салык түшпөй, мамлекетке өзгөчө ири суммадагы зыян келтирилген. 


Тактап айтканда, Мамлекеттик салык кызматынын жана башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдары спирт ичимдиктерин өндүргөн ири компаниялардын кызыкчылыгын көздөп, ченемдик укуктук актыларга жана акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизишкендиктен, өндүрүүчүлөр тарабынан акциздик марканы жасалмалоого, тийиштүү салыктардын түрлөрүнөн качууга шарт түзүлгөн. 


Бул коррупциялык схеманын найтыйжасында 2013-2020-жылдар аралыгында мамлекетке 1,7 млрд. сомдон ашык зыян келтирилген. 


Башкы прокуратура тарабынан аталган мамлекеттик органдардын жооптуу кызматкерлеринин кыймыл аракеттерине баа берүү жана мамлекетке келтирилген зыянды өндүрүү үчүн Жазык кодексинин 319-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн